Облустук милиция өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз экенин, иликтөө башталганын билдирди.
Буга чейин да Хатлон облусунда май куюучу жайларда бир нече жолу жарылуу болгон. 2017-жылы Бохтар шаарындагы жарылуудан бир киши өлүп, май куюучу станцияга жакын жайгашкан үйлөрдө жашаган 21 киши жабыркаган.
Андан бир жыл өткөндөн кийин Курган-Төбө – Сарбанд жолунда да станция жарылып, эки автоунаа күйүп кеткен.