Ссылки доступа

Анжиянда Сардобадагы үйлөрдү ондоо үчүн фермерлерден акча талап кылынууда


Анжиян облусуна караштуу Бустон районунун жаш фермери “Озоди” радиосуна кайрылып, райондук администрация Сардоба суу сактагычындагы техногендик кырсыктан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн фермерлерден акча талап кылып жатканын билдирди.

– Ар бир фермерден 2 миллион сум (200 доллар) талап кылышууда. Баш тарткандардын жерин алып коёбуз деп коркутуп жатышат. Фермерлер жакында эле «Мээримдүүлүк жана колдоо» («Саховат ва кўмак») фондуна 1-2 миллион сум которушкан, – деди фермер.

Бустон районунун фермерлери Сардоба районундагы үйлөрдү калыбына келтирүү жана ремонттоо үчүн бир жума ичинде акча чогултууга милдеттендирилген.

Райондук администрациянын атын атагысы келбеген өкүлү фермерлерден чындап эле акча талап кылынып жатканын тастыктады. Ал дыйкандардын жерлерин тартып алуу мүмкүн эмес экенин, бул жөн гана опуза болгонун кошумчалады.

– Фермерлердин жерин тартып алуу оңой деп ойлойсузбу? Өзгөчө президент аларга абдан көңүл бөлүп жаткан маалда. Райадминистрация жардамды өзү үчүн сураган жок. Ушул тапта бүт өлкө Сардоба районуна жардам берүүгө аракет жасоодо. Ушундай оор абалда биздин район четке туруп алса, абдан уят болот, – деди ал.

1-майда Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан улам Сырдарыя облусун суу каптап, 4435 турак-үй зыянга учураган. Алардын ичинен 2390 үй жараксыз абалга кептелип, калганы толук оңдоого муктаж.

XS
SM
MD
LG