Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды".
Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Ага бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан.
Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.
Парадга Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери катышты.