Ссылки доступа

Өзбекстанда чакан ишканалар кыймылсыз мүлк жана жер салыгынан бошотулат


Өзбекстанда чакан ишканалар кыймылсыз мүлк жана жер салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык комитетинин башчысы Музаффар Юсуф Назаров билдирди.

«Ушул тапта өлкөдө 142,5 миң чакан ишкана иштеп жатат. Алар 332,8 миллиард сум (32,7 млн доллар) өлчөмүндөгү салыктан бошотулат. Бул сумма кыймылсыз мүлк жана жер үчүн чегерилген алымдарга шайкеш келет», - деди аткаминер.

Анын айтымында, аталган жеңилдик президенттин чакан бизнеске колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жарлыгынын негизинде берилүүдө.

Маалыматка караганда, чакан ишкерлик менен алектенгендер апрель-май үчүн топтолгон салыкты төлөшпөйт.

2020-жылдын 1-майынан 1-июлга чейин чакан ишканалар үчүн социалдык салык 12 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүлгөн.

Салык мыйзамдарын бузуу, салык төлөөнү кечиктирүү үчүн салына турган айыптар 2020-жылдын 1-сентябрына чейин токтотулду.

XS
SM
MD
LG