«Мурдагы күйөөсү келип, аялдан акча сураган. Бербей койгондон кийин бычак менен белине сайып, качып кетти. Аял бир саат кансырап жатты, тез жардам келгенче каза болуп калды», — деди күбөлөрдүн бири.
23-июнда соцтармактарга жарыяланган видеодо бычак жеген аял канжалап жатканын, жанындагылар тез жардам өз убагында келбегенин айтып жатышканын угууга болот.
Наманган шаардык ички иштер бөлүмү «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга шектүү катары 41 жаштагы киши кармалганын билдирди. Жергиликтүү прокуратура тез жардамдын өз убагында келбегендиги тууралуу билдирүүлөр боюнча да тергөө баштаганы кабарланууда.
18-июнда Өзбекстан сенатынын спикери Танзила Норбаева акыркы эки жылдын ичинде тез жардам өз убагында келбегендиктен, 48 миңден ашык киши каза болгонун билдирген.