Ссылки доступа

Арыстагы жарылуу болгон аскер бөлүгүн тазалоого беш жыл кетиши мүмкүн


Былтыр курал-жарак сактаган кампасында жарылуу болгон Түркстан облусунун Арыс шаарындагы аскердик бөлүктүн аймагын тазалоо иштери беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Казакстан Коргоо министрлигинин Курал-жарак башкармалыгынын башчысы Асылбек Сатвалдинов билдирди.

«Жакында тазаланып бүтөт деп айтууга болбойт. Балким, тазалоо иштери үч-беш жылдын ичинде аякташы мүмкүн. Жарылуу болгон аймактын жалпы аянты 500 гектардан ашык, 133 гектар жер үстүртөн тазаланды. Бир жылдын ичинде шаардан курал-жарактын 380 миңге жакын бөлүктөрү чыгарылды», — деди Сатвалдинов.

Бийликтин маалыматына караганда, Арыстагы кампаларда ракеталык-артиллериялык куралдар, зениттик башкаруу ракеталары жана түрдүү калибрдагы стратегиялык системалардын снаряддары сакталган.

Өткөн жылы 24-июнда Арыс шаарындагы аскердик кампада чыккан өрттөн улам курал-жарактар жарылган. Расмий маалыматтар боюнча жарылуудан эки аскер кызматкери, бир жергиликтүү тургун жана бир кичинекей бала каза болуп, шаардагы үйлөрдүн 85 пайызы зыянга учураган.

Өткөн айда Шымкент гарнизонунун аскердик сотунда Арыстагы жарылуу иши боюнча процесс башталган. 16 айыпталуучунун арасында аскердик бөлүктүн кызматкерлери жана Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы офицерлери бар. Тергөөнүн версиясы боюнча аскердик бөлүктүн курал-жарактар коюлган кампаларында коопсуздук чаралары сакталган эмес.

XS
SM
MD
LG