Ссылки доступа

Саакашвили Түркмөнбашы министрлерин кантип кемсинткенин айтып берди


Түркмөнстандын мурдагы президенти менен ошол кездеги саламаттык сактоо министри Гурбангулы Бердымухамедов

Михаил Саакашвили Түркмөнстандын маркум президенти Сапармурад Ниязов КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде министрлерин кантип кемсинткендиги жөнүндө айтып берди.

Ушу тапта Украинада Реформалардын улуттук кеңешинин аткаруу комитетин жетектеп жаткан Саакашвили бул тууралуу YouTube сервисиндеги «В гостях у Дмитрия Гордона» берүүсүндө билдирди.

Белгилүү украиналык журналистке берген маегинде Саакашвили Түркмөнстандын мурдагы президенти КМШ саммитинде министрлерин төрт аяктап тургузуп, иттерге бергендей момпосуй ыргытып, аны жегенге мажбурлаганын билдирди.

Ал Дмитрий Гордондун «Түркмөнбашы менен сүйлөшкөнсүзбү?» деген суроосуна мындай деп жооп берди:

«Эскиси менен (президент Сапармурад Ниязов) КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде бир окуя болгон. Ал министрлерин төрт аяктап турууга мажбурлап, иттерге ыргыткандай, момпосуй жедирген. Абдан өкүнүчтүү болгон. Көп өтпөй Ниязов каза болуп калды», — деди Грузиянын экс-президенти.

Ал бир нече айдан кийин Түркмөнбашы кемсинтен министрлеринин баарын камап, жалгыз гана азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов эркиндикте калганын кошумчалады.

«Ниязов жалгыз саламаттык сактоо министрин гана камаган жок, анткени ал анын тиш доктуру болчу. Азыр ал Түркмөнбашы», — деди Саакашвили.

Михаил Саакашвилинин бул маеги YouTube сервисине 24-июнда чыкты. Бийликке 2003-жылдын ноябрындагы революциядан кийин келген Саакашвили Грузияны 2004-жылдан 2013-жылга чейин башкарган.

Видео

XS
SM
MD
LG