Ссылки доступа

Орусия Тажикстанга 8 чартердик каттам жасоого уруксат берди


Тажикстан 25-июндан тартып Орусиядагы мигранттарын алып келүү үчүн сегиз чартердик каттам уюштурат. Аткаминерлер орус бийлиги учууларга макулдук бергенин билдиришкени менен билет баасы расмий түрдө жарыялана элек.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү учактарга биринчи кезекте оорлуу кишилер, балалуу аялдар, студенттер, кары-картаңдар, Орусияга иш сапар менен барып кете албай калгандар отургузуларын айтты.

Маалыматка караганда, тизмеге киригизилген кишилер менен элчилик телефон аркылуу байланышып, учуу күнүн жана саатын айтат. Билеттер каттамга бир нече саат калганда аэропорттун кассаларында сатылат.

Ушул тапта Тажикстан менен Орусиянын ортосунда ырааттуу авиакаттам качан жандана турганы белгисиз. Тажик аткаминерлери бул маселе июлдун башында караларын билдиришүүдө.

Тажикстан март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык аба каттамдарын токтоткон.

Видео

XS
SM
MD
LG