Ссылки доступа

ДССУ эксперттери Түркмөнстанга июлдун башында келет


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эн белгиси

Түркмөнстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттерин кабыл алууга макул болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына ДССУнун Европа аймактык бюросунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта ДССУ эксперттери Түркмөнстанга июлдун башында келүүгө ниеттенип жатканы белгиленген.

“Ашхабадга чартердик каттам жок экенине карабастан сапар үчүн атайын чараларды көргөндүгү үчүн ДССУ Түркмөнстан бийлигине ыраазычылык билдирет” деп айтылат маалыматта.

Коронавирус боюнча өлкөдөгү абалга байкоо салуу үчүн ДССУнун эксперттери апрелден бери Түркмөнстанга келүүгө аракет жасашууда.

Уюмдун европалык бюросунун башчысы миссиянын сапары 23-апрелге белгиленгенин жарыялап, ошондон бери өлкөгө кирүүгө уруксат алуу үчүн түркмөн бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Тараптар дээрлик бир жарым ай бою логистика маселесин талкуулашты.

19-июнда Түркмөнстандын саламаттык сактоо министри ДССУ эксперттери июлдун башында келерин маалымдаган.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар жок экенин билдирүүдө. Мамлекеттик басылмалар коронавирус жана глобалдык пандемия темасын чагылдырышкан жок.

Ушул тапта өлкөдө COVID-19га мүнөздүү пандемиянын курч формасы күч алууда.

Видео

XS
SM
MD
LG