Ссылки доступа

Мамдепартамент Казакстанды активист Ильяшевдин укуктарын калыбына келтирүүгө чакырды


АКШ Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросу Казакстандын өкмөтүн жарандык активист Алнур Ильяшевдин укуктарын калыбына келтирүүгө чакырды.

Соцтармактарга бийликтеги «Нур Отан» партиясын сындаган билдирүүлөрдү жазып келген активист 22-июнда «өзгөчө абал учурунда жалган маалымат таратты» деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган.

«Сөз эркиндигин сыйлоо — өнүккөн демократиянын негизи. Биз Казакстан өкмөтүн Алнур Ильяшевдин укуктарын толук калыбына келтирип, бардык жарандарга камакка алынуудан коркпой өз оюн эркин айтууга мүмкүндүк берүүгө чакырабыз», — деп жазылган уюмдун бейшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө.

Мамдепартаменттин бул чакырыгын Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму да колдоду.

Amnesty International укук коргоо уюму 22-июнда жарыялаган билдирүүсүндө Ильяшев соттолгондугу үчүн казак бийлигин айыптаган. «Казак бийлиги бийликке нааразы болгондордун үнүн басуу үчүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү максатында киргизилген өзгөчө абалды уялбастан колдонууда», – деп билдирген уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Хеза Макгилл.

Алматы соту 22-июнда Алнур Ильяшевди «өзгөчө абал учурунда жалган маалымат таратты» деп айыптап, үч жылга эркинен ажыраткан.

43 жаштагы Ильяшев быйыл апрелде камакка алынган. Ал соцтармактарга башкаруучу «Нур Отан» партиясынын коррупциялык иштерин сындап, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү иш билгисиздиги боюнча жеке пикирин жазган.

Сотто айыптоолорду четке каккан Ильяшев өкүм боюнча апелляциялык арыз жазарын билдирген.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG