Ссылки доступа

Нур-Султанда Кытайдын элчилигинин алдына пикетке чыккан жарандар кармалды


26-июнда Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдында Шинжаңдагы туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүү чакырыгы менен эки киши акция өткөрдү.

Алардын бири Акикат Калиолла аттуу жарат Алматыдан келген. Колуна: «Кытай өкмөтү, үй-бүлөмдүн төрт мүчөсүн Казакстанга коё бер!» деп жазуу кармап алган.

— 2018-жылы мартта ата-энемди жана эки инимди мыйзамсыз кармашкан. Ошондон бери алар менен байланыша албай жүрөм. Менин биринчи талабым — үй-бүлөм менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк беришсин. Экинчиден, атамды катуу сабашкан, азыр ал дайынсыз болуп жатат, катып турушат. Ан эч кандай шарттарсыз эркиндикке чыгарып, Казакстанга жөнөтүшсүн», — деди Калиолла.

Алматынын Женис Заркын аттуу дагы бир тургуну Кытай бийлигинен үй-бүлөсүн Казакстанга өткөрүшүн талап кылып чыккан. Колуна ал аялы менен баласынын сүрөтүн кармап алган.

— Кытайдагы үй-бүлөмдү көрө элегиме үч жыл болду. Мен бул жерге «Кытай, үй-бүлөмдү чыгар» деген талап менен чыктым. Кытайдын консулдугуна үч жылдан бери кайрылып жатам, көңүл бурушкан жок. Аялымда бир жыл «саясий жактан кайра тарбиялоо лагеринде» кармап, майып кылып коюшту. Азыр балам экөөнө кайрадан басым жасап жатышат», — деди Заркын.

Акция катышуучуларынын айтымында, алар бир жума мурда да Кытай элчилигинин алдына чыгышкан. Анда аларды элчиликтин өкүлү Го Минь кабыл алып, бул боюнча маалыматтары жок экенин айтып, Кытай тарап менен сүйлөшүп көрөрүн убадалаган.

Калиолла менен Заркындын бүгүнкү акция башталганына жарым саат болгондон кийин аларды полиция кызматкерлери кармап кетишти. Азырынча алардын кайсыл бөлүмгө жеткирилгени белгисиз.

Акыркы жылдары Казакстанда Кытайдан качып келген этникалык казактар акцияларга көп чыгып жатышат. Алар Казакстан бийлигинен Кытайдагы «кайра тарбиялоо» лагерлеринде кармалып турган туугандарын бошотууга жардам берүүнү талап кылышууда.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп келет.

Видео

XS
SM
MD
LG