Уюм 27-июнда жарыялаган билдирүүсүндө Ашхабадды өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышы тууралуу маалыматтарды топтоп, аларды жарыялоону, ошондой эле вируска тест аркылуу текшерилүү жолдорун жөнөкөйлөштүрүп, дарыгерлерге басымды токтотууну талап кылды.
«Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусу жок деп жашырып жаткан учурда ал мүнөт сайын адамдардын саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч келтирип жатат. Бийлик минтип ооруну жөнсүз жокко чыгарууну токтотуп, тезинен чараларды көрүүгө тийиш»,- деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Дэнбер.
Түркмөнстан — өлкө аймагында коронавирус инфекциясы жок экенин билдирип келаткан дүйнөдөгү аз мамлекеттердин бири.