Ссылки доступа

Өлкө боюнча пневмония менен 300дөй киши ооруп жатат


Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-июнга карата өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош турат.

“Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү. Бирок акыркы учурда бейтаптар көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды”, - деди Боронов.

Бороновдун маалыматына ылайык, Таш-Дөбө айылындагы (Воронцовка) ооруканага 120, мурдагы "Ганси" авиабазасында 600 орун даяр. “Ак-Кеме” мейманканасында жана № 1 шаардык ооруканада да орундар даярдалууда.

Боронов өпкөсү сезгенип ооругандар жөнүндө да маалымат берди. Учурда алардын саны 289 адамды түзөт. Алар үчүн жалпысынан 553 керебет-орун даярдалды.

2-3 күндөн бери социалдык тармактарда ооруканалар бейтаптарга толуп калганын, Тез жардам кызматы оорулууларды кайда алып барарын билбей жатканын жазып жатышат.

27-июнда Бишкек шаарынын тургуну Баймурат Эрназаров өпкөсү сезгенип, ооруп калган иниси Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан бергенин медиа каражаттарына билдирген.

XS
SM
MD
LG