Ссылки доступа

Бишкекте “#РеАкция 3.0” деп аталган митинг өтүп жатат


Уюштуруучулар бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого багытталган тынч митинг экенин белгилешүүдө. Эркиндик гүлбагына чогулган митингчилер жөө жүрүш менен Жогорку Кеңештин алдына чейин барышмакчы.

Акциянын модераторлору учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык алгоритмге ылайык аралыкты сактап туруунун зарылдыгын эскертишти. Ошондой эле тынч митингдер тууралуу мыйзамдарга ылайык, милиция акциянын тынчтыгын сактап берерин эскертип, катышуучуларга түрдүү чагымдар болуп калса, ага алдырбоого чакырышты. Мындан тышкары акция өткөн жерди таштанды кылбай, тазалыкты сактоого үндөштү. Келгендердин баары беткап тагып турушат.

Чогулгандар “Биз фейк эмеспиз!” деп кыйкырышты.

Акция “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Митингдин катышуучулары "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Фейк депутат" деген жазууларды көтөрүп турушат. Алар буга чейин аталган сейил бактан тартып парламент имаратынын алдына чейин жөө жүрүш уюштурула турганын билдиришкен.

Акцияга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Кыргызстанда Интернет эркин жана чектелбеши керектигин айтып, президентти ага кол койбоого чакырды.

REАКЦИЯ 3.0: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга каршы акция. 29.06.2020-ж. Бишкек.

Буга чейин Бишкек мэриясы акция өтөрү тууралуу маалымат жарыялангандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүчү көчөлөрдүн арасында "Эркиндик" сейил багы дагы бар экенин маалымдаган.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева тарабынан сунушталып, 14-майда коомдук талкууга чыгарылган. Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. Бийлик бул нааразылык акциялары боюнча үн каткан эмес.

XS
SM
MD
LG