Ссылки доступа

Кылмыш ишке байланыштуу эки жыл токтоп турган 15 "Тез жардам" автоунаасы ишке кирди


Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине козголгон кылмыш ишине байланыштуу иштетилбей турган 15 “Тез жардам” автомашинасы Бишкектин Чукул медицина борборуна өткөрүлүп берилди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылдан бери пайдаланылбай турган автоунаалар борбор калаада “Тез жардам” жетишпей жатканына байланыштуу чыгарылды. Кылмыш иши боюнча тергөө улана бермей болду.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун айтымында Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, документтериндеги туура эместиктерге байланыштуу 15 автоунаа 2018-жылдан бери пайдаланылбай турган.

“Бул маселе укук коргоо орган өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла бермекчи”, - деди Батырбеков.

Машиналар техникалык текшерүүдөн өтүп, жарактуу деп табылды.

Реанимациялык автоунаалар өпкөнү жасалма иштетүү аппараттары жана башка жабдык менен жабдылган.

Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен достукту чыңдоо программасынын алкагында 15 "Тез жардам" унаасын акысыз берүүнү чечкен. Тендер жарыяланып, Нидерланд өлкөсүнүн Dutch Health компаниясы 2017-жылдын жай айында машинелерди Кыргызстанга алып келмек. Ар түрдүү себептерден улам автоунаалар кечигип, декабрь айында гана Бишкекке келген. Бирок алардын бардыгында кемчилик болгону үчүн колдонулбай турганы айтылган.

Мындан тышкары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет мобилдик бригадалар үчүн беш автоунаа бөлүп берди.

26-июнда Чукул медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов “Азаттыкка” билдиргендей, шаардын калкы 1 миллион 48 миң адам, аларды 38 “Тез жардам” бригадасы тейлейт. Норма боюнча 10 миң кишиге бир бригада болушу керек деген талапты эске алганда Бишкекте кеминде 100 машина болушу шарт.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG