Жумушчулардын айтымында, курулуш иштери менен алектенип жаткан Discover Invest компаниясы аларга өкмөт башчы убадалагандай 4 миллион сумдун (390 доллар) ордуна 1,8 миллион сумдук (175 доллар) айлык берилерин билдирген.
– Премьер-министр бизге келгенде катардагы жумушчуларга 2 миллион сумдан (195 доллар), усталарга 4 миллион сумдан (390 доллар) берилет деп убадалаган. Ташкентке барсак бардыгына 1 миллион 800 миң сумдан (175 доллар) төлөнөрүн айтышты. Биз айла жок макул болуп иштей баштаганбыз, бирок шарты өтө начар болгондуктан үйгө кетүүнү чечтик», — деди жумушчулардын бири.
Пандемиядан улам Сох районуна бара турган жол жабык болгондуктан, Ташкенттен кайткан жумушчулар Фергана облустук акимчилиндеги карантиндик аймакка жайгаштырылды.
Өткөн жумада Olmazor City объектисинде иштеп жаткан Сох районунун дагы он тургуну Фергана шаарына кайтканы кабарланган.
8-июнда Сох районунун 230 жашоочусу атайын автобус менен Ташкентке жеткирилген. 1-июнда Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавына келген премьер-министр Абдулла Арипов 500 тургунга айлыгы жогору жумуш убадалап, Ташкентке чакырган.