Ссылки доступа

Президент шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койду


Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамдын долбоорун быйыл 18-июнда кабыл алган. Ал саясий партиялардын парламентке өтүүсү үчүн шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүүгө багытталган.

Шайлоо чеги тууралуу жалпысынан эки мыйзам долбоору сунушталган. Парламентке өтүүнүн босого чегин тогуздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир миллион сомго азайтуу боюнча мыйзам долбоору депутаттардын колдоосуна ээ болбой калган.

Жээнбеков шайлоо босогосун тогуз пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эмес экенин 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айткан.

Шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп өзгөртүлгөн.

Кезектеги парламенттик шайлоо мыйзам боюнча быйыл 4-октябрда өтөт. Буга байланышкан жардыкты 26-июндан баштап он күн аралыгында парламенттик шайлоо боюнча президенттин жарлыгы чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG