Ссылки доступа

ЕККУ казак активистине карата чыккан сот өкүмүн сынга алды


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) казакстандык активист Алнур Ильяшевге карата чыккан сот өкүмүн сынга алды.

Уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Ингиьёбрг Сольрун Twitter'деги баракчасы аркылуу ЕККУга мүчө өлкөлөрдү «укук коргоочулардын укуктарын коргоого» жана «ар бир жарандын укугун сыйлоого» чакырды.

Активист Ильяшев 22-июнда «өзгөчө абал учурунда жалган маалымат таратты» деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Соттун өкүмүнө ылайык, ал мындан тышкары 100 саат коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип, беш жылга чейин коомдук жана саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

43 жаштагы Ильяшев быйыл апрелде камакка алынган. Ал соцтармактарга башкаруучу ”Нур Отан” партиясынын коррупциялык иштерин сындап, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү иш билгисиздиги боюнча жеке пикирин билдирген.

Өткөн жумада активистке карата чыгарылган өкүмдү АКШнын Мамлекеттик департаменти, Amnesty International (AI) жана Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышкан. Мамдепартамент казак бийлигин активисттин укуктарын калыбына келтирүүгө чакырса, AI Ильяшев эч кандай кылмыш кылбаганын белгилеген. Мындан тышкары уюм казак бийлигин пандемияны «нааразы болгондордун үнүн басуу үчүн колдонуп жатат» деп айыптаган.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин күчүндө болгон.

Казакстан ЕККУга 1992-жылдан бери мүчө.

XS
SM
MD
LG