Ссылки доступа

Мирзиёев милиция бөлүмдөрүндөгү кыйноо учурларын кескин сынга алды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сот адилеттигин камсыздоого жана коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган 30-июндагы видеожыйында милициянын кыйноосунан кийин эки кишинин каза болушун кескин сынга алды.

Быйыл январда Чиракчин районунда мал уурдоого шектелип кармалган 32 жаштагы киши жергиликтүү ички иштер бөлүмүндөгү кыйноодон кийин мерт болгон.

30-маяда 32 жаштагы Алижон Абдукаримов Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын №4 бөлүмүндө кыйноого кабылып, 11-июнда комадан чыкпай каза болгон.

Мамлекет башчынын айтымында, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар 11 укук коргоо кызматкери жоопко тартылды. Мындан тышкары дагы жети жетекчи иштен алынып, 16сы тиртип жазасына тартылды.

Сот системасы тууралуу айткан Мирзиёев «адамдарда дале болсо соттун чечимдери менен макул болууга негиздер жок» экенин белгиледи.

«Быйыл мага кайрылгандардын 44% же 8 миңден ашык киши соттордо иштердин толук эмес же калыс каралбагандыгына, иштин создуктурулуп жатканына даттанышкан», — деди президент.

XS
SM
MD
LG