Ссылки доступа

Бишкек мэри карантин тартибин бузгандарга чаралар күчөтүлөрүн эскертти


Бишкектин мэри Азиз Суракматов 1-июлдагы брифингде шаарда карантин тартибин бузгандар боюнча чаралар катаалдаша турганын билдирди.

"Рейддердин саны да көбөйөт. Айып пул эскертүү берилбей эле дароо салынат».

Мэрдин айтымында, тиешелүү жетекчилерге Бишкектеги төрт райондо күн сайын текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу тапшырма берилди. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук транспорт жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат.

1-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб баш калаада жаңы иш тартиби бекитилгенин жарыялаган. Ага ылайык, коомдук транспорттун, тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Бишкекте коомдук транспорт - автобус, троллейбус, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт.

Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Кафелерге, ресторандарга, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштейт.

XS
SM
MD
LG