Ссылки доступа

Өзбекстанда завод жумушчусунун өлүмү боюнча тергөө жүргүзүүнү талап кылышты (видео)


«UzAutoMotors» заводунун алдындагы пикет. 29-июнь 2020-жыл
«UzAutoMotors» заводунун алдындагы пикет. 29-июнь 2020-жыл

Өзбекстандын Укук коргоо альянсынын активисттери Анжиян облусундагы автоунаа заводунун жумушчусунун өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүү талабы менен пикет өткөрүштү.

Туугандары менен кесиптештеринин айтымында, «UzAutoMotors» заводунда механик болуп иштеген 53 жаштагы жумушчу аппендикси жарылгандан кийин «өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн улам» 3-июнда каза болгон. Он күн мурда ал бели жана ичи ооруп жатканын айтып, үйүнө кое берүүнү суранган. Бирок жетекчилик 15 күндүк нөөмөтү аяктай электигин билдирип, уруксат берген эмес.

29-июнда Анжиян облусунун Асаке шаарындагы заводдун алдында өткөн пикет эки саатка созулуп, 50гө жакын киши катышкан.

Өзбекстандын Укук коргоо альянсынын жетекчиси Елена Урлаева автозаводдун жумушчулары өтө начар шарттарда иштеп жатышканын билдирди.

– Мен заводдун бир нече жумушчусу менен сүйлөштүм. Аларды 15 күн заводдон чыкпай иштөөгө мажбурлашкан. Эмгек кодексине ылайык, жумушчу күнүнө сегиз саттан иштеши керек. Бирок заводдогуларды 12-15 сааттан иштөөгө мажбурлашкан. Жыйынтыгында бир киши каза болду, – деди Урлаева.

Анын айтымында, заводдун жетекчилиги маркумдун туугандарынан прокуратурага кайрылбоону өтүнүп, бул үчүн анын 21 жаштагы уулун жумушка алууну убадалаган.

– Жетекчилик жумушчусунун өлүмүн жашырууга аракет кылган. Ошондуктан прокуратура анын өлүмү боюнча тергөө жүргүзсүн деп элүүдөн ашык киши пикетке чыкты. Тиешелүү мекемелер текшерип, заводдо жумушчуларды оор шартта иштетүү токтотулушу керек, – деди укук коргоочу.

Правозащитники устроили пикет перед зданием «UzAutoMotors»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00

Азырынча бул боюнча «UzAutoMotors» заводунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин карантинден улам «Узавтосаноат» ишканасына таандык заводдордун жумушчулары күнү-түнү имараттан чыкпай иштеп жатышканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG