Ссылки доступа

Өзбекстанда 30 жаштагы келин төрт эм төрөдү


Наманган облусунун Пап районунун тургуну, 30 жаштагы Мадина Икрамова төрт эм төрөдү.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, эгиздердин баары – эркек. Алардын салмагы: 902, 1360, 1701 жана 1400 грамм.

Эне жана ымыркайлардын абалы жакшы.

Төрөт борборунун директору Ирода Мухитдинова кызматкерлер алдын ала даярдык көрүп, атайын план иштеп чыгышканын айтты.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн өзүнчө адистер жана жабдуулар бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG