Ссылки доступа

Өзбекстанда эки бир тууган ишкердин 7 миллион долларын тартып алган деп айыпталууда


Ишкер Ойбек Миралиев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Ишкер Ойбек Миралиев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда белгилүү ишкер Гафур Рахимовдун 7 миллион доллар каражатын алдамчылык менен тартып алган деп айыпталып жаткан бир туугандар Ойбек жана Элдор Миралиевдердин иши боюнча сот уланууда.

Бир тууган ишкерлерге «Карактоо» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн айыптоо корутундусуна ылайык, алар алдамчылык жол менен Рахимовдун бир нече миллион долларлык мүлкүн, анын ичинде 200 миң доллар турган «Mercedes-Benz Maybaсh» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан. Мындан тышкары Шерзод Аббасхожаев аттуу дагы бир ишкерден 150 миң доллар алып, кайтарып беришкен эмес деп айыпталып жатышат.

Миралиевдер бул айыптоолорду четке кагып келишет. Адвокат Ёкутхон Худоёрова кызыкдар адамдар бир туугандарды каматып, алардын мүлкүн жана компанияларын тартып алууга аракет кылып жатышканын билдирүүдө.

Миралиевдер Өзбекстанда үй канаттууларын баккан эң ири ишкерлердин бири катары белгилүү. 2017-жылы президент Шавкат Мирзиёев алардын Ташкенттеги канаттуулар фабрикасына барып, мактап кеткен.

XS
SM
MD
LG