Ссылки доступа

Австрияда чеченстандык блогердин өлүмүнө шек саналган эки киши кармалды


Вена
Вена

Австрия полициясы Орусиянын жараны, теги чеченстандык Анзор (Мамихан) Умаровдун өлүмүнө шек саналган эки адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү АРА агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, ишемби күнү кечинде шектүү катары теги чеченстандык 47 жаштагы жаран кармалган. Эртеси дагы бир киши колго түшкөн. Ал кылмыш болгон жерде жүргөндүктөн алгач күбө катары суракка алынып, бирок көрсөтмөсүндөгү карама-каршылыктардан улам шектүү катары кармалган.

Маркум Умаров Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап, Орусиянын атайын кызматтарын Европага качкан мурдагы чечен жикчилдери менен эмигранттарын өлтүрүүгө айыптап келген.

43 жаштагы Анзор Умаровду ишемби күнү кечинде Венага жакын жердеги Герасдорф шаарында атып кетишкен.

APA агенттигинин маалыматына карагандай, Умаров Австрияда 2007-жылдан бери качкын макамында жашап, жакында эле аты-жөнүн Мартин Б. деп өзгөрткөн.

XS
SM
MD
LG