Ссылки доступа

Мирзиёев коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн сынга алды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү коммерциялык банктарды трансформациялоо жараянын активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал 6-июлда банк системасын реформалоого арналган жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Мамлекет башчы ушу тапта өлкөдөгү алты коммерциялык банк ("Ипотекабанк", "Саноаткурилишбанк", "Туронбанк", "Асакабанк", "Алокабанк" жана "Агробанк") финансылык диагностика, узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгуу жана приватизация маселелери боюнча эл аралык каржы институттары менен кызматташа баштаганын белгиледи. Президенттин айтымында, ошол эле маалда башка коммерциялык банктарды трансформациялоо иши жетишерлик деңгээлде активдүү жүрбөй жатат.

Абалды өзгөртүү үчүн банктарга таандык эмес функцияларга инвентаризация жасап, кызматкерлер үчүн корпоративдик борборлордо окутуу программаларын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле банк системасындагы коррупцияны жоюу маселеси талкууланды. Мамлекет башчы банктардын төрагалары коррупцияны жок кылуу боюнча катаал чараларды кабыл алышы зарыл экенин белгиледи. Мындан тышкары ал мамлекеттин активдери бар коммерциялык банктарда дале болсо өкмөттөн алынган каражаттын үлүшү жогору болуп жатканын сынга алды.

Президенттин айтымында, мындай каражаттын үлүшү «Кишлок курилиш банкта» 41%, «Ипотекабанкта» 32% түзөт. Өткөн жылы мамлекеттин кепилдиги менен 600 миллион долларга жакын кредиттик линиялар тартылса, быйыл бул көрсөткүч 570 миллион долларды түзөт. Ошол эле маалда калктын ири банктарда сактаган акчасы менен салымдары болгону беш гана пайызга жетет. Бул фактты эске алуу менен Борбордук банкка калктын салымдарын банктарга тартуу боюнча кошумча сунуштарды даярдоо тапшырмасы берилди.

Мирзиёев банктар каржы ресурстарын мамлекеттин колдоосу жок өз алдынча тартууга өтүшү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG