Ссылки доступа

АКШ Казакстандын жаранын киберкылмыштуулукка айыптады


АКШ прокуратурасы Казакстандын жараны Андрей Турчинди хакерлер топтун курамында дүйнөдөгү ондогон компаниянын, билим берүү мекемелеринин жана өкмөттөрдүн түйүндөрүн бузуп кирүүгө айыптады. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги 7-июлда билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, курамына Турчин кирген хакерлер тобу чабуул жасай турган түйүндөрдө бэкдорлорду түзүп, аларды киберкылмышкерлерге жашыруун форумдар аркылуу сатып келишкен. Маалыматтардын баасы бир нече миң доллардан жүз миңдеген долларга чейин жеткен. Хакердик топ келтирген жалпы чыгым он миллиондогон доллар деп бааланууда.

fxmsp деген ысым менен иш алып барган 37 жаштагы Турчинге компьютердик түйүндөргө мыйзамсыз жетүүгө байланышкан беш пункт боюнча айып тагылды. Анын күнөөсү далилденсе 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

7-июлда жарыяланган айыптоо актысында хакердик топ акыркы бир нече жылдын ичинде ондогон өлкөдөгү 300дөн ашык компаниянын, билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын түйүндөрүнө кирүү мүмкүндүгүнө ээ болгону жазылган. Алардын 30дан ашыгы АКШнын аймагында жайгашкан. Айрым маалыматтарга караганда, fxmsp хакерлик ишмердүүлүгү менен 1,5 миллион долларга чейин каражат тапкан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG