Ссылки доступа

Казак-өзбек чек арасында Тажикстан менен Өзбекстандын миңдеген жараны ара жолдо калды


Казак-өзбек чек арасындагы «Жибек Жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жерде Тажикстан менен Өзбекстандын миңдеген жараны өтө албай турат.

Казакстандын Өзбекстан менен чектешкен Түркстан облусунун башчысынын орун басары Сакен Калкамановдун айтымында, чек арада үч миңге жакын киши турат, алардын көбү Өзбекстандын жарандары. Ал облус бийлиги ыктыярчылар жана демөөрчүлөрдүн күчү менен мигранттарга күнүнө бир жолудан тамак уюштуруп берип жатканын кошумчалады.

Өткөн жумада «Азаттыктын» казак кызматы «Жибек Жолу» бекетинде Тажикстан менен Өзбекстандын эки миңге жакын жараны өтө албай турганын кабарлаган.

Соцтармактарда жерде жаткан ондогон адамдын сүрөттөрү жарыяланып, бул көрүнүш казак-өзбек чек арасында тартылганы жазылган.

XS
SM
MD
LG