Ссылки доступа

Орусия: Украина туткундар менен алмашуу боюнча макулдашуудан баш тартууда


2020-жылдын 16-апрелиндеги туткундар менен алмашуу
2020-жылдын 16-апрелиндеги туткундар менен алмашуу

Орусия украин бийлигин өздөрүн республика деп жарыялап алган ДНР жана ЛНР менен туткундарды алмашууда тоскоолдуктарды жаратып жатат деп айыптады.

«Киев туткундагылардын тизмесин төрт категорияга ылайык түзүү боюнча буга чейин келишилген макулдашуулардан баш тартты. Жыйындын жүрүшүндө Киевдин делегациясы дагы эки категория киргизүүнү каалап жатканын билдирди. Мындай аракеттер туткундар менен алмашуу жана аларды бошотуу жараянына кыйла тоскоолдуктарды жаратууда», — деди Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу контакттык топтогу Орусиянын өкүлү Борис Грызлов.

Азырынча бул билдирүүгө украин тарап кандай реакция кылганы белгисиз. «РБК-Украина» басылмасы Киев туткундарды «баарына баарын» деген принцип менен алмашууну көздөп жатканын жазды.

7-8-июлда Донбасс боюнча контакттык топтун жаңы жыйындары башталды. Коронавирус эпидемиясынан улам алар видеоконференция режиминде өтүүүдө. Кеңешмелердин кийинки баскычы 22-июлга белгиленди.

Быйыл Киев менен өздөрүн республика деп жарыялап алган Донбасстын ортосундагы алгачкы туткундар менен алмашуу 16-апрелде болгон. Анда украин бийлиги 14, жикчилдер 20 кишини бири-бирине өткөрүп беришкен.

XS
SM
MD
LG