Ссылки доступа

Тажикстанда башкы дарыгердин өлүмүнөн кийин облустук төрөт үйү карантинге алынды


Шоира Бузурукова

Тажикстанда Согди облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Шоира Бузурукованын өлүмүнөн кийин медициналык мекеме карантинге алынды.

8-июлда Хожент шаарында жайгашкан облустук төрөт үйү жарандарды кабыл алган жок. Ошол эле маалда бейтаптарды көрүүгө келгендерге чектөөлөр каралган эмес.

Төрөт үйүнүн дарыгерлери карантин кеминде эки жумага созулуп, бул аралыкта анын имараттары дезинфекцияланарын билдиришти. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун чечимине ылайык, төрөтканадагы бардык кызматкерлер коронавируска тест тапшырууга милдеттендирилди.

Облустук төрөт үйү карантинге алынганы менен Бузурукованын өлүмүнүн расмий себептери дале болсо айтыла элек. Ал 5-июлда COVID – 19 илдетин жуктурган бейтаптар дарыланып жаткан облустук инфекциялык ооруканада каза болгон.

Шоира Бузурукова быйыл апрелде уулу менен чогу Хожент шаардык ооруканасына «пневмония» диагнозу менен жаткырылганы кабарланган.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG