Ссылки доступа

Токаев Медициналык камсыздандыруу фондунун башчысын кызматтан алууну тапшырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду менен дары-дармектин бирдиктүү дистрибьютору эсептелген «СК-Фармация» компаниясынын башчыларын кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөө жүргүзүп, жаралган кыйынчылыктарга тиешеси барлардын бардыгы жоопкерчиликке тартылсын. Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду менен «СК-Фармациянын» жетекчилери кызматтан алынып, зарылдык болсо тергөө жүргүзүлсүн», — деди Токаев.

Президенттин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги «бир катар олуттуу каталарды кетирип», акимдер өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарышкан эмес. Ошол эле маалда өкмөт тараптан аларга жетишерлик көзөмөл болгон эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 54 747ге жетип, илдетке чалдыккандардын саны боюнча өлкө дүйнөдө 31-орунга чыкты.

XS
SM
MD
LG