Ссылки доступа

Жалал-Абад: Уз-колдордун стационарга көмөгү (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- "Кайгыга карабай ишибизди улантуудабыз". Жаш дарыгер Жаныбек Мырзабеков Улуттук госпиталда пневмония менен ооругандарды дарылап жатат. Кесиби боюнча уролог болгондуктан бул ооруга чалдыккандарды дарылоо Жаныбек үчүн да, анын командасы үчүн да оор болууда. Ал "Азаттыкка" дарыгерлер кандай шартта иштеп жатканын видеого тартып жиберип, Бишкектин тургундарынан аймактарга барбай турууну өтүндү. (видео)

- Караколдогу стационарга айылдан келгендер көп. Караколдо эки жерде уюштурулган күндүзгү стационарларга күнүнө 300гө жакын адам кайрылууда. Аларга болгону 15 медицина кызматкери кызмат көрсөтүп жатат. Стационарларга өзгөчө жакынкы айылдардан келгендер көп. Ыктыярчы жаштар медиктерди колдоп, тамак-аш, дары-дармек ташып жүрүшөт. (видео)

- Адам өмүрү үчүн күрөшкөн жаш дарыгерлер. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери Бишкектин сыртындагы мурдагы "Ганси" аба базасында жайгашкан стационарда өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп, бейтаптарды дарылап жатышат. Медиктер белгилегендей, ал жерде 1000ге чукул бейтап бар. (видео)

- Жалал-Абад: Уз-колдордун стационарга көмөгү. (видео)

- Борбор Азияда коронавирус менен кантип күрөшүүдө? (видео Директ)​

- Кыргызстан: COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү ооруканалар . (сүрөт баян)

- Өзбекстанда карантиндик аймактагы бир нече блокто козголоң чыкты. (Өзбекстандан видео)

- COVID-19дун келип чыгышынын жаңы версиялары. (Настоящее время)

- COVID-19: Казакстандыктар бири-бирине жардам бере башташты. (видео)

- Вена зоопаркында деңиз мышыгы төрөлдү. (видео)

- Зеленский мамлекеттик резиденцияга көчтү. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG