Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирди. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.
Өлкө боюнча бүгүн, 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылары күтүлүүдө.
Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 12 400дөн ашты, 56 киши көз жумду, 7 500дөн көп адам айыкты.