Ссылки доступа

«Шайлоого жол жок!» акциясына чыккандарды милиция кармап кетти


Бишкектеги Жогорку Кеңештин жана президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын жанында чогулгандардын айрымдарын милиция кармап кетти.

Өзүн Кудайберген уулу Тилекмат деп тааныштырган адам "Жарандык активисттер альянсы" деген кыймыл бүгүн ошол жерде "Шайлоого жол жок!" акциясын уюштурмагын, бирок алардын лидерин "транспаранттары жана микрофону менен кошо кармап кетишкенин" журналисттерге айтып берди:

"Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Болгону, "Бийликти күч менен алууга аракет жасоо" беренеси менен иш козгоп коюшканы маалым болду. Эл согуштагыдай өлүп жатат. Биз шайлоо болбосун деген жокпуз, мөөнөтүн жылдыралы, шайлоого деген 700 миллионду элди аман алып калууга жумшайлы деп гана айтып жатабыз".

Окуя болгон жерде жүргөн мурдагы судья Клара Сооронкулова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып чогулгандар мыйзам бузбаганын, шайлоо мөөнөтүн башка убакытка которуу тууралуу пикирин билдирүү үчүн гана тынч акцияга чыгышканын айтып берди.

Милиция өкүлдөрү аларды кармап кетүүдө мыйзам бузбаганын айтышты. Коронавируска байланыштуу бир жерде чогулууга уруксат жок экенин билдиришти.

Шаардык Ички иштер башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан. Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер бар.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон.

XS
SM
MD
LG