Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 1 миллион тест-системасынын запасы бар.
«Тест-системалар жетиштүү. Биз жалпы өлкө боюнча күнүнө 20,22,25 миңден кишини тесттен өткөрүп жатабыз. Буга чейин бул көрсөткүч 8-10 миңди түзгөн», — деди Юсупалиев.
Акыркы маалыматттар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 13 193кө жетти. Алардын ичинен 7 852си айыгып, 61 бейтап каза болду.