Ссылки доступа

Тажик бийлиги Социал-демократиялык партиянын айыптоолорун четке какты


Тажикстандын Юстиция министрлиги өлкөдөгү Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрүнүн жеке маалыматтары Ички иштер министрлигине (ИИМ) берилип жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

«Жыл сайын саясий партиялар Юстиция министрлигине тапшырган отчеттор ички колдонуу үчүн гана. Башка мекемелерге, анын ичинде ИИМге берилбейт. Социал-демократиялык партия тараптан мүчөлөрү куугунтукка алынып жаткандыгы жана отчеттору башка мамлекеттик түзүмдөргө берилип жаткандыгы тууралуу эч кандай арыз болгон жок», — деди министрдин орун басары Асадулло Хакимзода.

23-июнда социал-демократтардын лидери Рахматилло Зойиров социалдык түйүндөргө билдирүү жарыялап, ИИМ өкүлдөрү алар Юстиция министрлигине жөнөткөн отчеттогу маалыматтарга ээ болуп, партия мүчөлөрүн куугунтуктап, коркутуп жатышканын жазган.

«Аймактык тескөөчү биздин министрликке тапшырган отчетубуздун көчүрмөсүн алып жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Партиянын Вахдат району боюнча төрагасы жумушунан да, жашаган жеринен да куугунтукталып жатат. Гарм районундагы активистибизге кылмыш ишин токуп, камап коюшту, араң алып чыктык. Бузургмехр Ёров же Шухрат Кудратов жөнүндө айтпай эле коеюн. Биринчиси камакта, экинчиси эркиндикке чыгып, азыр Москвада жүрөт. Гиссар районунда да абал оор. Махмурод Одинаев менен активисттери көп жылдан бери куугунтукка кабылып келишет», — деп жазылган билдирүүдө.

Тажикстанда саясий партиялар жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү жана мүчөлөрү тууралуу отчет тапшырып турушу керек.

Социал-демократиялык партия 1998-жылы, Рахматилло Зойиров президент Эмомали Рахмондун укуктук маселелер боюнча кеңешчиси кызматында иштеп турганда каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG