«Калк арасында илдетке чалдыккандар жана каза болгондор көбөйө берсе, 1-августка чейин киргизилген карантиндик чаралар дагы узартылышы мүмкүн. Акыркы бир жуманын ичинде эле коронавирус аныкталган кишилердин саны 3 миңге көбөйдү. Абал оор. Бүгүнкү күндө көптөгөн ооруканалар коронавируска чалдыккандарды кабыл алууга өтүп жатышат. Мындан улам онкологиялык, кардиологиялык жана хирургиялык жардамга муктаж жарандар жардамсыз калышы мүмкүн», – деди Юсупалиев.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалары жетиштүү экенин билдирген.
Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында 13-июлдан тарта жаңы каратиндик чектөөлөр киргизилген.
Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 591 кишиге жетти. Алардын ичинен 8030у айыгып, 64 бейтап каза болду.