Ссылки доступа

Орусияда өзбек жана тажик мигранттары башаламандык уюштурушту (видео)


Таджикские мигранты в Амурской области устроили массовые беспорядки
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

13-июлда Орусиянын Амур облусундагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында ондогон өзбек жана тажик мигранттары нааразылык акциясын өткөрүштү.

Нааразылык башаламандык менен коштолгон.

“Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, мигранттар айлык акы төлөп берүүнү талап кылышкан. Алар курулуш аянтындагы дүкөндөрдү, кеңсени, ашкананы талкалашкан.

Заводдун жетекчилиги жумушчулар 15-20 күн иштебей карантинде болушканын, буга байланыштуу айлык акылары кесилгенин билдирген.

Мигранттар Орусия президентинин жарлыгына ылайык, иш берүүчү карантинге карабай айлык акыны толук өлчөмдө төлөп бериши керек экенин эске салышууда.

Амур облусунун Свободный шаарындагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 15 миңден ашуун мигрант иштейт.

Амур облусунун Тергөө комитети мигранттардын козголоңунан кийин жапырт башаламандыкка катышуу беренеси боюнча иш козгоду.

Видео

XS
SM
MD
LG