Ссылки доступа

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери вирус жуктуруп алышты


Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин үч кызматкери коронавирус инфекциясына кабылды.

Орус бийлиги элчиликтен бул кызматкерлер байланышта болгон адамдардын тизмесин талап кылды.

Орусияда вирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгон кишилер эки апталык карантинге алынат.

«Озоди» радиосунун дипломатиялык өкүлчүлүктөгү өз булагы билдиргендей, элчиликтеги кызматкерлердин баары вирус жуктуруп алган кесиптештери менен байланышта болгон. Мындан ары элчилик кандай тартипте иштей турганы белгисиз.

Тажикстан бийлиги 25-июндан бери Орусиядагы жарандарын мекенине алып кете баштаган. Буга байланыштуу тизмеге илинүү үчүн элчиликке келген кишилердин саны көп болууда. Эгер дипломатиялык өкүлчүлүк карантинге жабылса, жарандарды кабыл алуу токтойт. Элчилик өз ишин онлайн режимде алып барат.

XS
SM
MD
LG