Ссылки доступа

Тажикстан ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлүнүн кайра шайланышына каршы болду


Харлем Дезир
Харлем Дезир

Тажикстан ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезирдин ыйгарым укуктарын узартууга макулдугун берген жок.

Харлем Дезир тажик бийлигин өлкөдөгү ЖМКларга басым көрсөтүүгө айыптап келген.

Маалыматка караганда, Азербайжан менен Түркия дагы Дезирдин кайра дайындалышына каршы чыгышкан.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы, уюмдун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун төрагасы, улуттук азчылыктар боюнча башкы комиссары жана басма сөз эркиндиги боюнча өкүлүнүн орду азыр бош. 12-июлда Албания уюмга мүчө 57 өлкө бул төрт кызматка жооптуу кишилерди кайра дайындоо боюнча консенсуска келбегенин кабарлаган. Албания 2020-жылдын 1-январынан бери ЕККУда төрагалык кылууда.

ЕККУнун башкы катчысы жана институттардын жетекчилери үч жылда бир шайланат. Уюмдун азыркы башчыларынын ыйгарым укуктары 18-июлда аягына чыгат.

XS
SM
MD
LG