Ссылки доступа

Сохтон Ташкенте иштөө үчүн барган жумушчулар үйлөрүнө кайта албай жатышат


Ташкенте иштөө үчүн барган Сох анклавынын 15 жумушчусу өзбек-кыргыз чек арасы жабык болгондуктан үйлөрүнө бара албай жатышат.

Сохтук Шохрух аттуу жигиттин айтымында, 7-июлда 14 күндүк карантин мөөнөтү аяктагандан кийин укук коргоо кызматкерлери аларды атайын автобус менен «Водил» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетине жеткиришкен. Сохко алып бара турган жер толугу менен Кыргызстандын аймагы менен курчалган жана чек ара жабык турат.

“Абдан кыйналып кеттик. Чек ара бекетиндеги автобус аялдамасында уктоого туура келип жатат. Түнкүсүн жаанда калдык. Мындан улам айрым кишилердин дене табы көтөрүлүп кетти. Сохко жете албай жатабыз", – деди Шохруз.

Фергана облустук администрациясынын маалымат катчысы Мухаммаджон Обидов коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу 10-июлда Өзбекстанда карантин чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

– Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны кескин көбөйүп кетти. Буга байланыштуу коңшу өлкө дагы өз чек арасын катуу кайтарып жатат. Кирүү жана чыгуу чектелген. Чек арадан өтө ала турган кишилердин тизмесин Call-борбор аркылуу Өзбекстандын Атайын комиссиясына бергенбиз. Учурда кыргыз тараптан жооп күтүп жатабыз, – деди ал.

8-июнда Сох районунун 230 жашоочусу автобус менен Ташкентке жеткирилген. 1-июнда Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавына келген премьер-министр Абдулла Арипов 500 тургунга айлыгы жогору жумуш убадалап, Ташкентке чакырган.

Бирок курулуш иштери менен алектенип жаткан компания аларга өкмөт башчы убадалагандай 4 миллион сумдун (390 доллар) ордуна 1,8 миллион сумдук (175 доллар) айлык берилерин маалымдаган.

29-июнда 15 жумушчу курулушта иштөөдөн баш тартып, Ферганага кайткан.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG