Ссылки доступа

Бакуда армян-азери чек арасындагы атышууга байланыштуу митинг өттү


14-июль күнү кечинде Азербайжандын баш калаасы Бакуда жүздөгөн кишинин катышуусунда митинг өттү. Бул тууралуу «Би-Би-Си» билдирди.

Маалыматка караганда, акциянын катышуучулары өлкө желектерин булгалап, «Карабах биздики», «Армияга даңк», «Аскерлер алга», «Башкы колбашчы, мобилизация жарыяла» деген ураандарды кыйкырышты.

Түнкү саат төрткө жакын акция катышуучуларынын жарымы «Мобилизация» деп кыйкырып, парламент имаратына кирип барууга аракет кылышты. Полиция аларга суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Ондогон киши кармалды.

Report.az сайтынын маалыматы боюнча ушундай эле акциялар өлкөнүн башка шаарларында, аймактарында да өттү.

15-июль күнү эртең менен Азербайжан чек арада Армениянын дагы бир аскердик объектиси жок кылынганын билдирди.

Өз кезегинде Армениянын Тышкы иштер министрлиги бул түнү эки өлкө чек арасында артиллерия колдонулбаганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 14-июль күнү кечинде Азербайжандын эки учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн.

Армения менен Азербайжан 12-июлда чек арада башталган ок атышууга бири-бирин айыпташууда.

14-июлда Армения чек арадагы атышуудан бир майор, капитан жана эки кенже сержант каза болгонун билдирди. Азербайжан генерал-майор, полковник жана бир нече жоокерин жоготконун кабарлаган.

БУУ менен ЕККУ армян-азери чек арасындагы абалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, тараптарды тез арада ок атууну токтотууга чакырышты.

Видео

XS
SM
MD
LG