Ссылки доступа

Помпео адамдын ажыратылгыс укуктары боюнча баяндама жасады


Майк Помпео
Майк Помпео

Орусия, Кытай, Иран жана Венесуэла дүйнөдөгү адам укуктарын бузган негизги өлкөлөр болуп эсептелет.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Филадельфияда Адамдын ажыратылгыс укуктары боюнча комиссиясынын баяндамасын жасап жатып билдирди.

Помпео ажыратылгыс укуктар америка коомунда гана эмес тышкы саясатта да негизги ролду ойношу керек экенин белгиледи. Мамлекеттик катчынын айтымында, АКШ өз укуктары үчүн күрөшкөн кишилер үчүн үмүттүн шооласы болуп эсептелет. Ал буга Гонконгдогу нааразылык акцияларынын катышуучулары колдоруна америка желегин кармап чыгышканын мисал келтирди.

Помпео Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) сынга алып, БУУ диктаторлордун жарлыгы боюнча иш алып барып, адам укуктарынын бузулушуна көз жуумп жатканын айтты.

АКШ Адамдын ажыратылгыс укуктары боюнча комиссия түзүлгөнүн бир жыл мурун жарыялаган. Уюм Американын тышкы саясатындагы адам укуктарынын ролун кайра карап чыгууда Вашингтонго жардам бериши керек.

XS
SM
MD
LG