Ссылки доступа

Иранда өкмөткө каршы нааразылык акциялар өттү


Иранда жумага караган түнү өкмөткө каршы нааразылык акциялар өттү.

Соцтармактарда бир нече шаардагы, анын ичинде Бехбехандагы демонстрацияларды чагылдырган видеосюжеттер пайда болду. “Рейтер” кабарлагандай, нааразылыкка чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулду.

Агенттик Ирандын айрым шаарларында коопсуздук чаралары күчөгөнүн жазды.

Жарандардын митингге чыгышына эмне себеп болгону белгисиз. Соцтармактарда тараган видеолордо: «Газа үчүн да, Ливан үчүн да эмес, Иран үчүн өлөм!» жана «Ирандык үчүн басмырлоого караганда өлүм артык!» деген ураандар айтылганын угууга болот.

Ирандын айрым провинцияларында Интернет чектелгени айтылууда.

Иранда 2019-жылы ноябрда өкмөт бензин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң толкундоолор башталган. Ал 100гө чукул шаар-кыштакка жайылган. Ар кыл маалыматтарга караганда, наарызылык акциялары учурунда 300дөн 1500гө чейин киши өлүп, миңдеген жаран кармалган. Иран бийлиги толкундоолор үчүн тышкы күчтөрдү айыптаган.

Видео

XS
SM
MD
LG