Ссылки доступа

Токаев өкмөткө коронавирус боюнча статистиканы «тактоону» тапшырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавирус жуктургандар жана бул илдеттен каза болгондор боюнча статистиканы тактоо тапшырмасын берди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 16-июль күнү кечинде «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Коронавирустан тышкары жарандардын саламаттыгына пневмония да чоң зыян келтирүүдө. Пандемия боюнча маалыматтар кандай гана кайгылуу болбосун, коомчулукка ачык жетиши керек», — деди Токаев.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 66,8 миң кишиге жетип, 40 миңден ашыгы айыкты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин 14-июлдагы маалыматына ылайык, илдеттен 396 бейтап каза болду.

Ошол эле маалда өлкөдө пневмония менен ооруп, каза болгондор көп катталууда. Бул ооруга чалдыккандар миңдеп, өлгөндөр жүздөп саналууда. Медиктер пневмония коронавирустан улам көбөйүп жатканын айтканына карабастан, бул маалыматтар COVID-19 боюнча расмий статистикага кошулган жок.

Өкмөттүн 10-июлдагы жыйынында саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдө июлдун алгачкы жумасында эле пневмония менен ооруган 39 702 учур катталганын билдирген.

Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Казакстанда пневмониянын көп катталышы туура эмес диагноз коюлган коронавирустун бир формасы болушу мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG