Ссылки доступа

Казакстанда бир жуманын ичинде коронавирустан 210 бейтап каза болду


Казакстанда 13-июлдан 19-июлга чейин коронавирус инфекциясынан 210 бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Муну менен жалпы өлкө боюнча бул илдеттен көз жумгандардын саны 585 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги июндун аягынан тартып коронавирустан каза болгондор тууралуу статистиканы жумасына бир гана жолу жарыялоого өткөн. Мекеме мындай чечимин жер-жерлердеги адистер бейтаптардын өлүмүнүн себептерин аныктоого жетишпей калып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Казакстанда COVID-19дан каза болгондордун статистикасына анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары башка оорулар көрсөтүлгөн жүздөгөн бейтап кошулган эмес. Бийликтин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө пневмониядан 3 327 киши каза болгон. Алардын 1555и июлдун биринчи жарымында көз жумган.

Өткөн жумада Саламаттык сактоо министрлиги 1-августтан тартып коронавируска кабылгандар менен пневмония болуп ооруп жаткандардын статистикасы кошулуп эсептеле баштай турганын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 72 миң кишиге жакындады. Айрым жергиликтүү эксперттер бейтаптардын саны азайтылып көрсөтүлүп жатканын, чынында жүз миңге жетиши мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG