Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө энергетиктер нааразылык акциясына чыгышты


Казакстандагы Жаңы-Өзөн шаарында "Энергосервис" компаниясынын 60тай кызматкери жумушчулардын төрттөн бирин кыскартууга каршы акция өткөрүштү.

Алар эмгек шартын жакшыртууну жана компания башчысын отставкага кетирүүнү талап кылышууда.

“Тиешелүү квалификациялары жок” деген жүйө менен компания 40 кызматкерди жумуштан бошотууну чечкен. Жумушчулар жетекчилик кишилерди оор абалда бошотуп, жамааттын пикирин эске албаганына нааразы болушууда. Алар компанияда коррупция өкүм сүрүп жатканын, эмгек шарты жок экенин белгилешүүдө.

"Эмгек шарты жок. Бир жыл ичинде эки жигитти ток урду. Сыйлык берүү, пенсияга төлөмдөрдү которуу деген жок. Буга байланыштуу биз насыя ала албайбыз. Болгону 60 миң теңге (144 доллар) айлык алабыз – ал эч нерсеге жетпейт", – деди инспектор, акциянын катышуучусу Гүлмира Саханиева.

Компания директорунун милдетин аткаруучу Канат Конысбаев ишкананын планы али бекитиле электигин, кызматкерлердин санын кыскартуу маселеси азырынча талкууланып гана жатканын билдирди.

"Энергосервис"компаниясы Жаңы-Өзөн шаарын электр кубаты менен камсыздайт, ишканада 185 киши эмгектенет.

Видео

XS
SM
MD
LG