Ссылки доступа

Тажикстан Жогорку соту: "мусулман агайындар" ишинде купуялуулук белгиси жок


Тажикстан Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён.

“Мусулман агайындар” уюмуна катышы бар деп шектелген кишилердин адвокаттары буга чейин кылмыш материалдарына купуялуулук белгиси коюлганын айтып, журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышкан.

Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён 20-июнда “Мусулман агайындар” эл аралык террордук уюмуна катышы бар деген шек менен камалган кишилердин ишинде “купуялуулук” белгиси жок экенин билдирди. Анын айтымында, бул иш боюнча сот отуруму уланууда, 103 соттолуучунун экөө - чет өлкө жарандары.

Соттолуучулардын саны көп болгондуктан жана пандемияга байланыштуу бийлик сот залындагы кишилердин санын чектеген.

Тажикстанда тыюу салынган ”Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү деген шек менен жыл башында баш-аягы жүздөн ашуун киши кармалган.

Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган.

“Мусулман агайындар”- 1928-жылы Египетте түптөлгөн, исламдын суннит багытын карманган диний уюм.

Видео

XS
SM
MD
LG