Ссылки доступа

Азия: Бердымухамедовдун күйөө баласы коронавирустан өлдүбү? (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Эми үйдөн чыкпай университет тандаса болот. Кыргызстанда 20-июлдан тартып жогорку окуу жайларына студенттерди кабыл алуунун биринчи айлампасы башталды. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу университеттерге кабыл алуу биринчи жолу онлайн өтүп жатат. Аралыктан кабыл алуунун жол-жобосу кандай, ал канчалык деңгээлде калыс жана таза өтөт? Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров "Азаттыкка" маек берди. (видео)

- Мекенине кайткан ыктыярчы дарыгер. Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну, 38 жаштагы Мекен Абдалиев акыркы үч жылдан бери Орусияда жеке менчик клиникада иштеп келатат. Ал пандемиядан улам кыйналып жаткан жердештерине көмөк берүү үчүн бир айга келген. Токтогул районунда 43 киши коронавирус менен ооруганы аныкталып, төрт адам каза болгон. Район борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Терек-Суу айылындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы микрохирург менен кабарчыбыз сүйлөшүп келди. (видео)

- Азия: Бердымухамедовдун күйөө баласы коронавирустан өлдүбү? Саясат таануучу түркмөн президентинин карындашы реанимацияда экенин, анын күйөөсү коронавирустан өлгөнүн билдирди. Кыргызстанда ыктыярчылар COVID-19 менен ооругандардын өмүрү үчүн күрөшүүдө (Настоящее время)

- Марат тарткан мыкты сүрөттөр. Бала кезинде катуу оорудан улам укпай жана сүйлөбөй калган көлдүк Марат элди таң калтырган сүрөттөрдү тартат. Көл жээгиндеги эс алуу жайларында жана жеке үйлөрдө жаралган эмгектерине өзгөчө туристтер көңүл бурушат. (видео)

- Ысык-Көл: Күзөттөгү өмүр сакчылары. (сүрөт баян)

- Казакстан коронавирус менен пневмонияны кошуп эсептей баштайт. (видео)

- Казакстандын дарыканаларында преднизолон препараты жок болууда. (видео)

- Петербургда курулушта иштеген өзбекстандыктар иш ташташты. (видео)

- Тажикстанда окуучулар 17-августта мектепке барышат. (видео)​

- Азия 360°: Майлуу-Суу. (видео)

- Атасы пневмониядан каза болгон кыз дарыгерлерге жардам берүүдө. (Казакстандан видео)​

- Казакстан коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошулду. (инфографика)

- Тажикстандык саясий активист Хизбулло Шовализода камакта калат. (видео)

- Индия коронавирус жуктургандардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG