Ссылки доступа

Москвада тажикстандык укук коргоочулар камактагыларды колдоо иретинде футбол ойношту (видео)


Москвадагы тажикстандык укук коргоочулар Хатлон облусуна караштуу Хуросон районунун камакка алынган жашоочуларын колдоо максатында футболдук флешмоб өткөрүштү.

17-майда Тажикстандын бир нече жашоочусу катуу селден жабыр тарткандарга жардам бербеген бийликке нааразылык иретинде жол бөгөгөн. Бул акциядан кийин алты активистке жапырт башаламандык уюштуруу айыбы менен кылмыш иши козголгон. Камакка алынгандарды колдоо үчүн Москвадагы тажикстандыктар алардын сүрөтү тартылган футболкаларды кийип, футбол ойношту.

Таджикистанцы играют в Москве в футбол, чтобы поддержать арестованных на родине
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Укук коргоочу Иззат Амон табият кырсыгынан зыян тарткандарга бийлик жардам бербей, тескерисинче, камакка алып жатканын сындады. Юрист аларды колдоо максатында Москвада флешмоб уюштурганын, футбол ойноо үчүн ондогон кишилер келгенин билдирди.

"Канча жума өттү – бийликтин бир дагы өкүлү окуя болгон жерге барган жок. Кишилер жардам берүү талабы менен гана көчөгө чыгышкан ", – деди ал.

"Говорят: закройте рот своим женам": в Таджикистане запугивают пострадавших от селя
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

14-май күнү кечинде Хуросон районундагы селден эки киши каза болуп, 300дөй үй зыянга учураган. Жергиликтүү жашоочулар бийлик аларга жардам бербегенин айтып, Бохтар-Душанбе жолун тосушкан.

Видео

XS
SM
MD
LG