Ссылки доступа

Цой: Казакстанда коронавируска байланыштуу абал турукташа баштады


Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөт жыйынында COVID-19 боюнча өлкөдө бир жумадан бери турукташуу тенденциясы байкалып жатканын билдирди.

Ал суткасына 1500-1600 киши вирус жуктуруп алып жатканын белгиледи. Министр ПЧР-тестирлөөнү көбөйтүү үчүн бюджеттен дагы 42 миллиард теңге (101,4 миллион доллар) керек экенин кошумчалады.

- 170 млн теңге иликтөө жүргүзүүгө тартылган ветеринардык лабораториялардын 67 кызматкерине жумшалат, - деди министр.

Алексей Цой аймактарда ПЧР-тестирлөө жүргүзүү үчүн Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматын тартуу пландалып жатканын айтты. Ал муну менен суткасына 40 миң тестти иликтөөгө жол ачыларын белгиледи.

Коомдук саламаттык сактоо борбору 21-июлда жалпысынан 1,8 миллион тест алынганын билдирген. 45 миңден ашуун бейтап айыккан. Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери Казакстанда 73,4 миң киши вирус жуктуруп алган, 585 адам көз жумган. Бул тизмеге өпкөсү кагынып өлгөндөр кошула элек.

XS
SM
MD
LG